АСКЕРДИК ТАРТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:21, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК ТАРТИП– мыйзамдарда жана аскердик уставдарда белгиленген эрежелерди сактоо, ошондой эле аскер башчыларынын көрсөтмө-тапшырмаларын бардык аскер кызматындагылар тарабынан бузбай так аткаруу шарттары. Аскердик тартип зордукка же опузага эмес, ар бир аскер кызматкеринин өзүнүн Мекенин коргоону жоокердик ыйык милдети экендигин сезгендигине таянат. Аскердик тартип жөнүндөгү куралдуу күчтөрдүн уставы 1998-жылы КРдин Жогорку Кеңешинин чечими менен бекитилген.