АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ
АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ– Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнө, алардын күжүрмөн жана мобилизациялык даяр туруусуна, аскер кадрларынын күжүрмөн даярдыгына, аларды тандоого жана тарбиялоого байланышкан ж. б. маанилүү маселелер б-ча чечимдерди чыгаруучу жана талкуулоочу Koproo министрлигинин кеңеш берүүчү органы. Koproo министринин жана министрликтин жетектөөчү кызматкерлеринин (коргоо министринин орун басарлары) курамында түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү, кызмат орду б-ча анын курамына киргендерден башкасы КРдин Президенти тарабынан коргоо министринин сунушу б-ча бекитилет.