АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп м-н ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия ж-а флоттун запасындагы 18–50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия м-н флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, о. эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19–40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры м-н аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.