АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ — аскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. Аскер шаймандарына: бел кур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөк кап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы ж. б. кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин Аскер шаймандарында айырмачылыктар бар.
Э. Ы. Кадыров.