АСКЕР УКУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 18 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– КРдин куралдуу күчтөрүн уюшТУРУУ принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин; аларды материалдык ж-а акча каражаттары м-н камсыз кылуу аскер кызматчыларына ж-а алар­дын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пен­сия, пособиелерди дайындоо ж. б. жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негиз­ги булактары катары КРдин эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» ж. б. мыйзамдары, о. эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, методикалык көрсөтмөлөр, колдонмолор, эрежелер ж-а директивалар саналат.