АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн жана кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, петлицалар, аксельбанттар, төш жана жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу жана петлицалардагы белгилер (кокардалар, эмблемалар, жылдыздар ж. б.), канттар жана лампастар кирет.