АСКЕР БӨЛҮКЧӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР БӨЛҮКЧӨСҮ– аскердик бирдик; армиянын ар бир түрүндөгү бирдей курамдуу туруктуу уюм. Ал ири бөлүкчөлөр менен бөлүктөрдүн курамына кирет [мисалы, моторлоштурулган аткычтар ротасы (батарея) – батальонго (дивизионго), батальон (дивизион) – полкко. Ap бир бөлүкчө майда бөлүктөргө [мис., ротада (батареяда) 3–4 взводго] бөлүнөт. Аскер-аба жана аскер-деңиз күчтөрүндө да Аскер бөлүкчөсү бар.