АСКЕР БӨЛҮКЧӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР БӨЛҮКЧӨСҮ– аскердик бирдик; армиянын ар бир түрүндөгү бирдей курамдуу туруктуу уюм. Ал ири бөлүкчөлөр менен бөлүктөрдүн курамына кирет [мис., моторлоштурулган аткычтар ротасы (батарея) – батальонго (дивизионго), батальон (дивизион) – полкко. Ap бир бөлүкчө майда бөлүктөргө [мис., ротада (батареяда) 3–4 взводго] бөлүнөт. Аскер-аба жана аскер-деңиз күчтөрүндө да А. б. бар.