АСКЕР БӨЛҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР БӨЛҮГҮ– куралдуу күчтөрдүн бардык аскер түрлөрүндөгү өз алдынча күжүрмөн, адмиристративдик чарбалык бирдик (полк, 1-, 2- жана 3-рангадагы

кеме, батальон, дивизион, эскадрилья, рота). Аскер бөлүгү өзүнүн башкаруу органынан, күжүрмөн, атайын жана тылдык бөлүкчөлөрдөн турат. Анын

Файл:АСКЕР БӨЛҮГҮ 93.png


туруктуу аты (мисалы, 3-танкалык полк) же шарттуу аталышы (мисалы, 5555 аскер бөлүгү), номери, туусу болот. Тынчтык күндөрүндө Аскер бөлүгү – жеке курамындагыларга күжүрмөн тапшырмаларды берүүгө, теориялык окууларды өткөрүүгө ылайыкталган тактикалык жана өз алдынча уюмдашкан аскерлердин бир тобу.