АСКЕР БӨЛҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР БӨЛҮГҮ– куралдуу күчтөрдүн бардык аскер түрлөрүндөгү өз алдынча күжүрмөн, адм.чарбалык бирдик (полк, I-, 2- жана 3-рангадагы

кеме, батальон, дивизион, эскадрилья, рота). А. б. өзүнүн башкаруу органынан, күжүрмөн, атайын жана тылдык бөлүкчөлөрдөн турат. Анын

Файл:АСКЕР БӨЛҮГҮ 93.png


туруктуу аты (мис, 3-танкалык полк) же шарттуу аталышы (мис., 5555 аскер бөлүгү), номери, туусу болот. Тынчтык күндөрүндө А. б. – жеке курамындагыларга күжүрмөн тапшырмаларды берүүгө, теориялык окууларды өткөрүүгө ылайыкталган тактикалык жана өз алдынча уюмдашкан аскерлердин бир тобу.