АСКЕР БӨЛҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР БӨЛҮГҮ– куралдуу күчтөрдүн бардык аскер түрлөрүндөгү өз алдынча күжүрмөн, адм.чарбалык бирдик (полк, I-, 2- ж-а 3-рангадагы

кеме, батальон, дивизион, эскадрилья, рота). А. б. өзүнүн башкаруу органынан, күжүрмөн, атайын ж-а тылдык бөлүкчөлөрдөн турат. Анын

Файл:АСКЕР БӨЛҮГҮ 93.png


туруктуу аты (мис, 3-танкалык полк) же шарттуу аталышы (мис., 5555 аскер бөлүгү), номери, туусу болот. Тынчтык күндөрүндө А. б. – жеке курамындагыларга күжүрмөн тапшырмаларды берүүгө, теориялык окууларды өткөрүүгө ылайыкталган тактикалык ж-а өз алдынча уюмдашкан аскерлердин бир тобу.