АСКЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 20 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР– I) мамлекеттин куралдуу күчү жөнүндө жалпы аталыш, 2) кээ бир мамлекеттердин армияларында катардагы жоокерлердин наамы. Көчмөн элдерде, анын ичинде кыргыздарда аскерлердин түрүнө, курамына карата атчан Аскер, жөө Аскер, ал эми түзүлүшү боюнча ондук, жүздүк, миңдик, түмөн, кошуун, кол ж. б. болуп бөлүнгөн. Аскер башчыларды он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, колбашчы ж.б. деп аташкан.