АСЕПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЕПТИКА (а... жана гр. septikos – ириндүү, ириңдетүүчү) – операцияда, жарат таңууда керектелүүчү аспап, жип, тампон ж. у. с. буюмдардагы микробдорду физ. жолдор менен зыянсыздандыруу чаралары. А. жаратка ириңдетүүчү бактерияларды киргизбей, аларды жок кылууга багытталган. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал микроорганизмден тазаланат (стерилдөө). Хирургдун колу атайын каражаттар менен стерилденет. Биринчи медициналык жардам берүү эрежелерин да сактоо зарыл. Үй шартында стерилденген таңуучу материалдар (даки, бинт, салфетка, кебез ж. б.) дайыма болуш керек.