АСЕПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЕПТИКА (а... жанагр. septikos – ириндүү, ириңдетүүчү) – операцияда, жарат таңууда керектелүүчү аспап, жип, тампон ж. у. с. буюмдардагы микробдорду физ. жолдор менен зыянсыздандыруу чаралары. А. жаратка ириңдетүүчү бактерияларды киргизбей, аларды жок кылууга багытталган. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал микроорганизмден тазаланат (стерилдөө). Хирургдун колу атайын каражаттар менен стерилденет. Биринчи мед. жардам берүү эрежелерин да сактоо зарыл. Үй шартында стерилденген таңуучу материалдар (даки, бинт, салфетка, кебез ж. б.) дайыма болуш керек.