АРЬЕРСЦЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЬЕРСЦЕНА – сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы жана декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр имараттарында арьерсцена кенен жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр жана жарык берүүчү аппаратура орнотулат.