АРЧАЛЫ суусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Нарын р-нун аймагында. Уз. 47 км, алабынын аянты 376 км2. Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы аты окшош мөңгүдөн агып чыгып, кууш капчыгай аркылуу шар агат. 15тен ашык куймасы бар. Ирилери: Төлөк, Күрмөнтү, Кызыл-Киндик,
Шор-Төр, Эгиз-Төр, Кара-Төр (сол), Борду, ТуюкКызыл-Суу, Өрттөнгөн-Төр, Тоюн (оң). Алабында жалпы аянты 57,2 км2 келген 56 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 4,1 м3/сек, Май-июнда кирип, сентябрда тартыла баштайт.