АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ-- Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Арчалы суусунун боюнда. 1982-ж. табылган. Кен Арчалы гипербазит массивинин серпентиниттүү талкаланган зонасында жайгашкан. Зонанын ичинде демантоид щётка жана друза түрүндө кездешет. Жекече кристаллдардын өлчөмү 3 ммге чейин жетет. Демантоиддин өңү ачык жашыл, алмаздай жалтырайт. Тоо тектеги гранаттын өлчөмү 15–25тен 120–150 г/тга жетет. Тунук ачык жашыл түстөгү кристаллдарынын өлчөмү 0,5 г/тны түзөт. Кондициялык демантоиддин болжолдуу ресурсу № 6 карьер өткөн участкадагы 5 м тереңдикке чейин 1440 каратты түзөт.