АРЧА-КОНУШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧА-КОНУШ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосуна Коллектор кырка тоосу тутумдашкан жердеги татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Исфайрам-Сай суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,1 км, аянты 5,4 км2, көлөмү 0,40 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат.Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляциясынын аянты 2,8 км2. Мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Сүрмө-Таш суусунун (Исфайрам-Сайдын сол курамы) жогорку агымы – Арча-Конуш башталат.