АРХИТЕКТОНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИТЕКТОНИКА (гр. architektonike – курулуш өнөрү) – архитектурадагы эстетиканын сырткы көрүнүшү, негизги жана ага байланыштуу каражаттардын көлөмү менен кооздолушу жагынан шайкеш келиши. Бардык архитектоникалык каражаттар жана ыкмалар композициянын предметтик-маанилик элементтери менен тыгыз байланышта болуусу керек, башкача айтканда имараттардын жана курулмалардын конструкциясы жана анын ар кандай бөлүктөрү өз ара жарашыктуу биригип, эстетикалык жогорку деңгээлге жетет.