АРХИТЕКТОНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИТЕКТОНИКА (гр. architektonike – курулуш өнөрү) – архитектурадагы эстетиканын сырткы көрүнүшү, негизги жана ага байланыштуу каражаттардын көлөмү менен кооздолушу жагынан шайкеш келиши. Бардык архитектоникалык каражаттар жана ыкмалар композициянын предметтик-маанилик элементтери менен тыгыз байланышта болуусу керек, б. а. имараттардын жана курулмалардын конструкциясы жана анын ар кандай бөлүктөрү өз ара жарашыктуу биригип, эстетикалык жогорку деңгээлге жетет.