АРХИМЕД ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИМЕД ЗАКОНУ – суюктук м-н газдардын статикалык закону. Бул закон б-ча, суюктукка (же газга) матырылган нерсеге, суюктук (газ) тарабынан ал нерсе сүрүп чыгарган суюктуктун (газдын) салмагына барабар күч таасир этет. Жогору карай түрткөн күч архимед күчү деп аталат. Бул законду б.з.ч. 3-к-да Архимед

Файл:АРХИМЕД ЗАКОНУ 42.png

ачкан. А. з. – суюктук м-н газдардагы нерсенин сүзүп жүрүү теориясынын негизи. Суюктукка матырылган нерсеге жасалган басым матыруу тереңдигине жараша болот. Нерсенин төмөнкү бетине жогору жагына караганда көбүрөөк басым жасалат. Нерсенин бетине баскан күчтөрдү натыйжалоочу күч дайыма тик өйдө багытталат (F). Эгер нерсе суюктуктун түбүндө жатса, суюктук чоң басым м-н басып турат (P). Ал эми нерсенин салмагы суюктуктун түртүү күчүнөн кичине болсо, анда нерсенин матырылган бөлүгү сүрүп чыгарган суюктуктун салмагы нерсенин салмагына теңелмейинче, нерсе жогору калкып чыга берет. Эгер нерсенин салмагы суюктуктун түртүү күчүнөн чоң болсо, ал чөгөт.