АРХЕОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТ– бир тарыхый мезгилге таандык, жерг. өзгөчөлүктөрү бар жана айрым бир аймакта топтолгон археол. эстеликтердин жалпылыгын аныктоо үчүн колдонулуучу түшүнүк. А. м-тын аталышы көбүнчө эстеликтер табылган жердин аты, о. эле сөөк коюунун салты, карапага, курал-жарактарга түшүрүлгөн оймо-чиймелер же белгилердин бүтүндөй тобуна карата коюлат. А. м-ты изилдөө аларды жазуу булактары аркылуу белгилүү уруулар менен салыштырууга мүмкүндүк берет. Мад-ттагы окшош көрүнүштөр айрым урууларда геогр. жана социал. бирдей шарттарда бири бирине байланышсыз эле пайда болушу мүмкүн. А. мад-т – байыркы эстеликтердин датасын аныктоого жардам берет.