АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР
АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР– белгилүү бир аймактагы археологиялык эстеликтердин жана алардын тизмесин, археологиялык маданияттын жайгашкан ордун, таралышын көрсөтө турган карталар. А. к. эстеликтердин же археол. мад-ттын айрым түрлөрү б-ча же айрым мезгилдерди, бүтүндөй бир доорду кучагына алган хронологиялык карта болуп түзүлүшү мүмкүн. Ушундай карталардын базасында жыйынтыкталган жалпы А. к. түзүлөт. Кырг-нда кээ бир райондор б-ча А. к-ды анын ичинде Бернштам, А. К. Kuбиров, П. Н. Кожемяко, Ю. А. Заднепровский ж. б. адистер түзүп чыгышкан.