АРХАНТРОПТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(гр. archaios – байыркы, anthropos – адам) – казылып алынган байыркы адамдар. Антропологияда адамдын эволюциясынын баштапкы баскычы да ушул термин м-н берилет. Ал палеонтроптордун келип чыгышына алып келген. Аларга питекантроптор, синантроптор, атлантроптор, гейделберг адамдары ж. б. кирет. А-дун сөөк калдыктары Азия, Европа, Африканын ортоңку плейстоценинен белгилүү. Баш сөөгү кууш ж-а жөнөкөй белгилери м-н мүнөздөлөт. Мергенчилик ж-а өсүмдүк чогултуу м-н алектенишкен. А. таштан эмгек куралдарьш жасап, байыркы адамдардын үйүрүн түзүп жашашкан.