АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ– чабуул учурундагы артиллериянын күжүрмөн аракеттеринин жыйындысы. Артиллериялык чабуул согушта артиллериянын, жөө аскерлердин, танкалардын биримдикте аракеттенүүсү менен душмандын коргонуусуна тереңдете үзгүлтүксүз, бир мезгилде сокку уруп жок кылуу максатын көздөйт. Артиллериялык чабуул 3 мезгилге бөлүнөт: чабуулду даярдоо, чабуулду колдоо жана душмандын коргонуусуна тереңдеп кирген жөө аскер менен танкалардын аракетин колдоону камсыз кылуу.