АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ДАЯРДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:52, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИДДЕРИЯЛЫК ДАЯРДЫК -чабуул алдында – артиллериянын чабуулу, согуштук аракеттери. Артиллериялык даярдык аскерлер чабуулга өтөөр алдында душмандын курал-жарактары жайгашкан жайларын, киши күчтөрүн, коргонуу курулуштарын, позиция алдындагы инженердик курчоолорун ж. б. объектилерин жок кылуу же болбосо уратуу, колдонуудан чыгаруу максатында жүргүзүлөт. Артиллериялык даярдык чабуулга даярдануунун бир бөлүгү катары белгиленген убакытта башталат жана аскерлер чабуулга өтүүчү чекке чыкканда токтотулат же душмандын позициясынын тереңдигине которулат.

Ж. Акматов.