АРТИКУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИКУЛЯЦИЯ – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө артикуляция маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато – музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо менен өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.