АРТИКУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТИКУЛЯЦИЯ – музыкалык аспапта ойноодо ж-а ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө артикуляция маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато – музыкалык аспапта ойноодо ж-а ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо м-н өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.