АРТИКУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

музыкада – муз. аспапта ойноодо ж-а ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө А. маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато – муз. аспапта ойноодо ж-а ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо м-н өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.