АРТЕРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕРИТ – артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. Артериттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Артерит жугуштуу оору менен (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги жана булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү Артерит абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага. учурайт. Өнөкөт Артерит туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.