АРТЕМИДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕМИДА– байыркы грек мифологиясындагы кудай аял; Зевс менен Летонун кызы, Аполлондун эгизи. Алгач А. – түшүмдүн кудайы, жан-жаныбарлардын жана аңчылыктын, айдын пири болсо, кийинчерээк пакизалыктын, о. эле амазонкалардын колдоочусу жана кош бойлуулардын пири болуп эсептелет. Аны сүрөтчүлөр, скульпторлор чыгармаларында, көбүнесе ажайып сулуу аңчы кыз катары жаа-жебелери же айдын пири катары башында жарым ай, колунда факели менен чагылдырышкан. Байыркы Рим мифологиясында А-ны Диана деп беришет.