АРТЕМИДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:41, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРТЕМИДА– байыркы грек мифологиясындагы кудай аял; Зевс м-н Летонун кызы, Аполлондун эгизи. Алгач А. – түшүмдүн кудайы, жан-жаныбарлардын ж-а аңчылыктын, айдын пири болсо, кийинчерээк пакизалыктын, о. эле амазонкалардын колдоочусу ж-а кош бойлуулардын пири болуп эсептелет. Аны сүрөтчүлөр, скульпторлор чыгармаларында, көбүнесе ажайып сулуу аңчы кыз катары жаа-жебелери же айдын пири катары башында жарым ай, колунда факели м-н чагылдырышкан. Байыркы Рим мифологиясында А-ны Диана деп беришет.