АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ– 16–18-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөз узун төрт бурчтук түрүндө курулган. Төрт бурчунда кооздолгон тирөөчтөрү бар. Эшигинин үстү үч бурчтуу, арка түрүндө жасалган. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Арстанбап күмбөзү Орто Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет.