АРСТАН топ жылдызы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан А. топ жылдызынын α, β, δ, θ, γ, ξ, η, λ, μ, ε ж-a λ жылдыздары арстанды элестетет. А. топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (α-Арстан) – Регул. Регулдун айланасында айланган эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m ж-а 13m. А. топ жылдызынын γ -Арстанынын бирөө сары түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп, кош жылдыздарды түзөт. А. топ жылдызына тушма-туш аймактан галактикалар табылган. Ноябрь айында радианты а=152°, δ =+22° болгон Леониддер – метеор уюгу байкалат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан кышында ж-а жазында көрүнөт.