АРСЕНОПИРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСЕНОПИРИТ (лат. arsenicum – мышьяк жана пирит), мышьяк колчеданы – темирдин сульфид-мышьяктуу бирикмелер тобундагы минерал. Хим. формуласы FeAsS. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү калай сыяктуу бозомук, металл сымал жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 5,5-6. Катуу нерсе менен чапкылаганда, сарымсак жыттанат. Сульфид кенташтары (рудалары) менен аралаш жолугат. А. мышьяк бирикмелерин алууда негизги кенташ; андан кээде кобальт менен никель алынат.