АРСTАH

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:40, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСТАН (Leo) – мышык сымалдар түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан. Дене уз. 91- 317 см, куйругу 70-114 см, салмагы 91-390 кг. Тулку бою узун, башы чоң, кулагы кичине, буттары тулкусуна салыштырмалуу кыска, жоон, тырмактары ичине кирип турат. Денеси кыска жүн м-н капталган. А-дын эркегинин баш, моюн, көкүрөк бөлүгү сапсайган узун жүндүү.

Файл:АРСTАH 28.png


Түсү бир өңчөй, күрөң сары; балдары темгилдүү. Боздоң ж-а саваннада кеңири таралган, ал үйүр түзүп жашайт. Көпчүлүк учурда түнкүсүн аң уулоого чыгат. А-дын үйүрүндө азыгын ургаачысы табат, ири жаныбарларга кол салат. Ал 2 жылда бир жолу 1-6, чанда 7ни тууйт. А. зоопарктарда багылып, тукумдай алат, оңой үйрөтүлүп циркте ойнотулат, 25-30 ж. жашайт.