АРСTАH

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(Leo) – мышык сымалдар түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан. Дене уз. 91- 317 см, куйругу 70-114 см, салмагы 91-390 кг. Тулку бою узун, башы чоң, кулагы кичине, буттары тулкусуна салыштырмалуу кыска, жоон, тырмактары ичине кирип турат. Денеси кыска жүн м-н капталган. А-дын эркегинин баш, моюн, көкүрөк бөлүгү сапсайган узун жүндүү.

Файл:АРСTАH 28.png


Түсү бир өңчөй, күрөң сары; балдары темгилдүү. Боздоң ж-а саваннада кеңири таралган, ал үйүр түзүп жашайт. Көпчүлүк учурда түнкүсүн аң уулоого чыгат. А-дын үйүрүндө азыгын ургаачысы табат, ири жаныбарларга кол салат. Ал 2 жылда бир жолу 1-6, чанда 7ни тууйт. А. зоопарктарда багылып, тукумдай алат, оңой үйрөтүлүп циркте ойнотулат, 25-30 ж. жашайт.