АРОМОРФОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(гр. airo – көтөрөм ж-а morphosis - үлгү, форма), арагенез – эволюциянын жүрүшүндө организмдердин түзүлүшүнүн ж-а кызматынын татаалданып өзгөрүшү. Ал организмдин зат алмашуусунун тездеши, физиол. функцияларынын туруктуулугу, сырткы маалыматтарды өздөштүрүү көлөмү ж-а аны анализдөө жөндөмдүүлүгү м-н коштолот. А. бир эле эволюциялык механизмдер – табигый тандалуу ж-а тукум куума өзгөргүчтүк м-н шартталып, жалпы адаптациянын бир түрү болуп эсептелет. Бул концепцияны А. Н. Северцов иштеп чыккан (1925). А-го жаак ооздуу омурткалуулардын тегинде жаактын, сөөктүү балыктарда бакалоор жапкагынын, куш м-н сүт эмүүчүлөрдө жылуу кандуулуктун (гомойотермия) пайда болушу мисал болот. А-дун натыйжасында организмдер сырткы чөйрө ресурстарын пайдаланууда жаңы сапаттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, жаңы чөйрөгө өтүү, жаңы түрлөрдүн пайда болушу ж. б. келип чыгат, мис., байыркы сөөктүү балыктарда өпкөнүн пайда болушу.