АРНОО ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРНОО ЫРЛАРЫ – жеке бирөөгө же окуяга арналган чыгарма. Кыргыз адабиятынын тарыхында арноо мүнөзүндөгү чыгармалар көп кездешет. Токтогулдун «Бүркүтчү Мамыр жөнүндө», «Айчеке балбан жөнүндө», А. Токомбаевдин «Таланттын жылдызы» (А. С. Пушкин), «Алишер Навои» сыяктуу ырлары, Улуу Ата Meкендик согушта курман болгондорго арналган. Буга М. Абылкасымованын «Эстелик сүйлөйт» поэмасы мисал боло алат. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин тарыхый инсандарга, эл депутаттарына, ишкерлерге ж. б. арналган чыгармалар жазылып, жарык көрүүдө.