АРНЕМЛЕНД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРНЕМЛЕНД– Австралиянын түндүгүндөгү жарым арал. Тимор жана Арафура деңиздери, Карпентария булуңу менен чулганат. Уз. 320 км-дей, жазылыгы 460 кмдей. Кумдуктан турган плато (бийикт. 400 кмге чейин) ээлейт, ал дарыя өрөөндөрү аркылуу калдык тоо массивдерине бөлүнгөн. Өрөөндөрүнө нымдуу тропик токою, айдарым беттерине эвкалипт токою жана саванналар мүнөздүү. Уран-радий кени (Рам Жангл) бар. Порту – Дарвин.