АРМЯН ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМЯН ТАЙПАК ТООСУ – негизинен Түркияда, ошондой эле Иран менен Закавказьеде (Армения, Азербайжанда) жайгашкан. Аянты 400 миң км2дей. Лава-туфтан турган жанар тоо конустары (Арарат, бийиктиги 5165 м, Себелан, Сюпхан, Арагац ж. б.) бар бөксө тоолордон жана тоо аралык өрөөндөр (Арарат, Эрзурум) менен бөлүнгөн анча бийик эмес кырка тоолордон турат. Тектоникалык чуңкурдуктардын көбүнүн таманын көл (Ван, Севан, Урмия) ээлеп жатат. Климаты континенттик. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрүндө 150–300 мм, тоолордо 800 мм. Талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү, тикендүү бадал, айрым жерлеринде токой, шалбаа өсөт. Оазистерде дыйканчылык өнүккөн.