АРМЯН ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМЯН ТАЙПАК ТООСУ--негизинен Түркияда, о. эле Иран менен Закавказьеде (Армения, Азербайжанда) жайгашкан. Аянты 400 миң км2дей. Лава-туфтан турган жанар тоо конустары (Арарат, бийикт. 5165 м, Себелан, Сюпхан, Арагац ж. б.) бар бөксө тоолордон жана тоо аралык өрөөндөр (Арарат, Эрзурум) менен бөлүнгөн анча бийик эмес кырка тоолордон турат. Тектон. чуңкурдуктардын көбүнүн таманын көл (Ван, Севан, Урмия) ээлеп жатат. Климаты континенттик. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрүндө 150– 300 мм, тоолордо 800 мм. Талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү, тикендүү бадал, айрым жерлеринде токой, шалбаа өсөт. Оазистерде дыйканчылык өнүккөн.