АРМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(Фр. armee, лат. armo – куралдандыРУУ) _ I) кургактагы аскерлер, аскер-деңиз флоту; 2) мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жалпы жыйындысы; 3) аскердик оперативдик бирикме. Мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн көбөйүшү, алардын кеңири фронтто жайгашуусу ж-а ар түрдүү багытта аракеттенчү аскер топторун башкаруунун кыйындашы, о. эле согуш аракеттерин жүргүзүүгө таасир тийгизген жаңы факторлордун пайда болушу бир эле согуш театрында бир нече А-ны түзүү зарылчылыгын туудурат. Ap бир А-нын номери, өзүнчө штабы, тылы, Аскердик совети болот. А. командачынын жетекчилиги м-н жекече оперативдик милдеттерди аткарат. Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдүн түрүнө, курамына, ишке ашыруучу милдеттерине карай А. төмөнкүчө бөлүнөт: Аба чабуулунан коргонуучу А., Авиациалык А., Абадесант А-сы, Жалпы аскердик А., Танк А. ж. б. Адам коомунун тарыхында туруктуу А., жалданма А., дыйкандар А., атчандар А. сыяктуу А-дын болгондугу белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгону Кырг-н да 1992-ж. өзүнүн аскердик уюмун түзгөн.