АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК– калыптоодо тулкусуна металл торчосун кошуп пресстеп жасалган силикат айнек такта. Имараттын жарык оюктарын ж-а жабуусун, жарык өткөрүүчү тосмосун, үй тепкичинин, лифт шахтасынын тосмолорун ж. б. айнектөөгө колдонулат. Үзгүлтүксүз жаюу ыкмасы м-н даярдалат. Ал урганда же өтө ысыганда чачырап кетпейт. Кескенде же сындырганда жарака пайда болбойт. Армирлөө үчүн диаметри 0,35-0,45 мм зымдан жасалган тор ширетилет. Бул айнектин жарык өткөрүү жөндөмдүүлүгү 65 %тен кем эмес.