АРМАН ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, арман ырлары – кыргыз элинин оозеки көркөм чыг-лыгында кеңири тараган лирикалык ырлардын бир түрү. Анда каармандын эрксиздиктин, теңсиздиктин натыйжасында келип чыккан күйүтү, муң-зары, капалыгы, нааразылыгы, каршылык көрсөтүүсү билдирилет. А. жанрын өркүндөтүүдө элдик ырчылардын ролу чоң болгон. Тоголок Молдо, Токтогул, Барпы ж. б. акындардын чыг-лыгында А. жанр катары кадыресе жашоосун уланткан. Азыркы акындар тарабынан да турмуш жагдайларга байланыштуу А. ырлары жаралууда (мис., К. Алмазбеков. «Он үч жашар баланын арманы», А. Рыскулов. «Өрүк комуз» ж. б.).