АРКОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКОЛОГИЯ, экологиялык архитектур а – шаарды пландаштырууда шаар калкынын экологиялык жанa социалдык-экономикалык муктаждыктарын толук эске алган архитектуранын жаңы багыты. Шаарларда жагымсыз экологиялык абал (чөйрөнүн уулуу заттар, таштанды жанa өнөр жай газдары, смог ж. б. менен булганышы) түзүлүп, шаардыктар оору-сыркоого көбүрөөк чалдыгат. Ошондуктан Аология калкты табиятка жакындатууга (турак жай массивдерин жашылдандыруу, эс алуу зоналарын, парк, фонтан ж. б. рекреациялык объектилерди түзүү) аракет кылат. Ошондой эле имараттарды курууда курулуш материалдарынын сапатына көңүл бурулуп, адамдардын коопсуздугу сакталат.
Ад.: Вронский В. А. Экология. Словарь-справочник. Ростов-на-Дону. 2002.

Б. Үсөнканов.