АРКАР-КУЛЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(Ovis ammon) – көндөй мүйүздүүлөр тукумунун аркарлар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 110-120 см, бийикт. 65-125 см, салм. 100-200 кг. Бийик тоолуу дың ж-а чөлдүү талааларда кездешет. Ургаачысы – аркар, эркеги кулжа деп аталат. Анын популяциялары түрдүү экол. шартта жашагандыктан, алардын түсү да ар түрдүү. Бул түргө кирүүчү популяциялар, бири биринен сырткы көрүнүшү м-н айырмаланып турат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 10дон ашык түрчөлөрү кездешет. Булар бири биринен сырткы көрүнүштөрү, чоңдугу, мүйүзүнүн түзүлүштөрү ж-a түсүнө карата айырмаланышат. Памир А.-к-нын мүйүзү чоң, учтуу, ичин көздөй ийрилип турат. Түсү карабоз, күрөң. Памир, Алтай тоолорунун чыгыш жагында, Теңир-Тоонун Арпа, Ак-Сай сырттарын мекендейт. Теңир-Тоодо жашагандарынын тулку бою чың, чоң, түсү, мүйүзүнүн түзүлүшү б-ча башка түрчөлөрдөн айырмаланып

Файл:АРКАР-КУЛЖА 2.png
Кулжа.


турат, эркегинин бийикт. 110-115 смге чейин, ээгинде сакалы жок, түсү бозураак. Теңир-Тоо кыркаларын мекендейт. Жазында 1-2 козу тууйт. Эти, териси баалуу. Окумуштуулар аны кой м-н аргындаштырып уяң жүндүү меринос породасын алган. Бул түр Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.