АРКАК ТҮРГҮЧ АВТОМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:42, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАК ТҮРГҮЧ АВТОМАТ– аркак жиби түрүлгөн чыгырыкты бош чыгырык менен өзү алмаштыруучу машине. Анда түрмөктөн чыккан жип кергич жабдыктан, чыгырыктан, жип үзүлгөндө чыгырыкты токтотуучу жабдыктын көзүнөн, жылдыргычтын илмегинен өтүп, чыгырыкка түрүлөт. Чыгырык бекиткич кыскычтардын бирөө жетелөөчү, экинчиси жетеленме болот. Чыгырыкка жип түрүлүп бүткөндө, же­телөөчү кыскыч токтоп, жетеленме кыскыч чы­гырыкты кыспай бошотуп, чыгырык ящикке түшөт. Анын ордуна жаңы чыгырык автоматтык түрдө берилип, аркак түрүдө берет. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүн аркак түргүч машинага караганда 3--4 эсе жогорулаттат.