АРКА кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКА – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыш­так. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу. «Кайрак-Кум» суу сактагычынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Райондун борбору Раззаков шаарынан 80 км түндүк тарапта. Ленинабад (Тажикстан) темир жол бекетинен 20 км. 1955-ж. отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 405 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2645 (2009); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, 2 медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.