АРИТМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИТМИЯ (а... ж-a гр. rhythmos – ыргак) – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. Аритмияда жүрөктүн кагышынын өтө тез (тахикардия) же жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу ж. б. се­беп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиологиялык өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда Аритмия кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу ж. б. алып келет, кээде оорулууга сезилбейт. Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап, жүрөктүн бир калыпта согушун калыбына келтирүү керек.